Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:29

Адвокат Айткулов үйүндө дарыланууда


Бир жума мурун ооруканадан чыккан адвокаттын абалы дурус, бирок толук айыга элек. Байма-бай эти ысып жатканы тууралуу “Азаттыкка” анын иниси Хансар Айткулов билдирди.

Айткуловду 13-ноябрда үйүнүн жанынан белгисиз кишилер сабап кетишкен. Баш мээси чайкалып, тиштери жана сол буту сынган. Бети-башы көгала болуп, реанимацияга түшкөн.

Айткулов токмоктолгондон кийин милиция өзүнүн булактарына таянып, адвокаттын жанынан 10 миң доллар, 7 миң сом жана чөнтөк телефону тонолгон деп маалымат тараткан жана окуя талап-тоноочулукка байланыштырылган. Айткуловдун өзү жана жакындары бул сабоо атайын буйрутма менен жасалган, мунун артында азыркы бийлик турат деп келет.

Бул факт боюнча Бишкектеги Свердловск райондук милициясы иликтөөнү улантууда. (SE)

XS
SM
MD
LG