Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:12

Аба ырайы: Бишкекте кар жаайт


15-17-декабрда күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек - Ош, Мырзаке - Кара-Кулжа - Алайкуу, Каракол - Эңилчек, Ала-Бука – Каныш-Кыя жолдорунда кар көчкүсү жана кар күрткүсү күтүлөт. Жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги автоунаалардын ортосунда 500 метр аралык сакталышы керектигин эскертет.

16-декабрда Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, айрым жерлерде 15-20, Ысык-Көл акваториясында 19-24 метрге чейин жетет

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 0...-5, күндүз -4...+1,
Талас жергесинде түнкүсүн -2...-7, күндүз -1...-6,
Баткен, Ош жана Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -4...+1, күндүз -4...+1,
Ысык-Көлдө түнкүсүн -2...-7, чыгыш тарабында -5...-10, күндүз -4...+1,
Нарында түнкүсүн -11...-16, күндүз -6...-11,
Тоолордо түнкүсүн -21...-26, күндүз -10...-15 градус суук болот.

Бишкек шаарында кар жаайт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Түнкүсүн 0…-2, күндүз -1...+1 болот.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG