Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:15

Ошто алгач ирет кубик чогултуу мелдеши өттү


Ошто кубик-рубикти ылдам чогултуу боюнча алгач ирет шаар чемпионаты болду. Аны эл аралык уюмдардын колдоосу менен Youth of Osh уюму уюштурду. Демилгечи - Нурсултан Бекболот уулу.

Чемпионатка үч жүздөй улан-кыз катышты. Мелдеш эки багытта, үйрөнчүктөр жана тажрыйбасы барлар арасында өткөрүлдү. Үйрөнчүктөр арасынан 7-класстын окуучусу Файзулла Кабулов биринчи орунду алды. Ал кубик-рубикти 38 секундада чогултту. Тажрыйбалуулар арасында 9-класс окуучусу Талгат Кубатбек уулу 23 секундада жыйнап, чемпион аталды. (ErN)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG