Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:51

Алепподо аба соккусунан 22 киши набыт болду


Сириянын түндүгүндөгү Алеппо шаарында жекшембиде асмандан урулган соккудан 22 киши, анын ичинде 14 бала набыт болду. France-Presse Британияда жайгашкан Адам укуктарына байкоо салган сириялык борборго таянып, Алеппонун козголоңчулар ээлик кылган райондору соккуга кабылганын билдирет.

Дамасктын түндүк-чыгышындагы Адра шаарында шийилер, алавиттер, друздар жашаган райондорго козголоңчу-исламчылар кол салып, 28 киши каза тапты. Шаршембиден бери радикалдуу маанайдагы козголоңчулар бул шаарга чабуулун улантууда.

Мындан мурдараак Франциянын тышкы иштер министри Лоран Фабиус 22-январда Сириядагы куралдуу жаңжалды токтотуу үчүн Швейцарияда өтө турган конференциядан майнап чыгаарына күмөн санап турганын билдирди.

Эки жылдан ашуун согушту баштан кечирип жаткан Сирияда 126 миң киши каза тапса, миллиондогон адамдар үй-жайын таштай качкан.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG