Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:58

Евробиримдик Украина менен сүйлөшүүнү токтотту


Киевдин Төбөлсүздүк аянтында евроинтеграцияны жактагандардын демонстрациясы уланууда. Жекшемби кечинде майданга 200 миңге жакын адам митингге чогулду. Демонстранттар алдында Киевге келген АКШ сенатору Жон Маккейн сөз сүйлөп, Украина Европаны, Европа Украинаны жакшыртарарын билдирди. Ошондой эле ушул күнү 15 миңге жакын Януковичтин тарапкерлери Майдандан анча алыс эмес жерде митинг өткөрдү.

Украин бийликтеринин Европа Биримдиги менен келишимге кол коюудан баш тартып, анын ордуна Орусия менен жакындашууну тандаганына каршы демонстрациялардын башталганына төрт аптага чукулдады. Жума күнү Евробиримдиктин өкүлдөрү Украина менен ассоциациялык келишимге кол коюу боюнча сүйлөшүүлөрдү токтотконун билдирди. Биримдик өкүлдөрүнүн айтымында, сүйлөшүү учурундагы Украинанын жүйөөлөрү негизсиз болуп жатат.

Буга чейин Украинанын вице-премьери Сергей Арбузов Брюселлге барып, украин өкмөтү ассоциациялык келишимге жакын арада кол коёрун билдирген.
Учурда талдоочулар Януковичтин ушул шейшембидеги Москвага сапарына көңүл бурушууда. Оппозиция сапар жүрүшүндө Янукович Орусия, Казакстан жана Беларус түзгөн Бажы биримдигине кошулуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшү мүмкүн экенин эскертип жатышат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG