Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:29

БУУ Ирак аркылуу Сирия гумжардам жеткирүүдө


Бириккен Улуттар уюму учак аркылуу Ирактан Сирияга гуманитардык жардам жөнөтө баштады. Жекшемби күнү тамак-аш ташыган алгачкы учак Сириянын түндүк-чыгышындагы Камышлы кыштагына конду. Улуттар уюмунун өкүлдөрү жакынкы 12 күндүн ичинде эң керектүү делген тамак-аш, кийим-кечелер бул жол аркылуу жеткирилерин билдиришүүдө.

БУУнун бул операциясына көмөктөшүүгө Ирак да, Сирия да макул болду. Өткөн аптада пландалган жардам аба ырайынын бузулушунан улам токтоп калган. Алгач Улуттар уюмунун өкүлдөрү гуманитардык жардамды жүк ташуучу машине аркылуу жеткирүүнү көздөп, бирок коопсуздуктан улам бул демилгеден баш тарткан.

Эки жарым жылдан бери уланып жаткан Сириядагы жарандык согуштан 100 миңден ашык адам набыт кетип, 6,5 миллиондон ашыгы өз мекенинен бозуп кетүүгө арагасыз болду. Алардын 2,3 миллионго жакыны Сириядан башка өлкөлөрдө баш калкалоодо.

XS
SM
MD
LG