Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:18

Аба ырайы: чукул эскертүү


16-17-декабрда күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек - Ош, Мырзаке - Кара-Кулжа - Алайку, Каракол - Эңилчек, Ала-Бука – Каныш-Кыя жолдорунда кар көчкүсү жана кар күрткүсү күтүлөт. Жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги автоунаалардын ортосунда 500 метр аралык сакталышы керектигин эскертет.

17-декабрда өлкө аймагында мезгил-мезгили менен кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, Ысык-Көл акваториясында 19-24 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -3…-8, күндүз 0...-5,
Талас жергесинде түнкүсүн -5…-10, күндүз -1…-6,
Баткен облусунда -2…-7, күндүз -4…+1,
Ош жана Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -1…-6, күндүз -3…+2,
Ысык-Көлдө түнкүсүн -2...-7, чыгыш тарабында -7…-12, күндүз 0…-5,
Нарында түнкүсүн -10…-15, күндүз -4…-9,
Тоолордо түнкүсүн -20…-25, күндүз -8…-13 градус суук болот.

Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен кар жаайт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Түнкүсүн -5…-7, күндүз 0...-2 градус болот.

XS
SM
MD
LG