Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:54

“Центерранын” акциялары кымбаттай баштады


Декабрдын башынан бери канадалык “Центерра Голд” кен өндүрүүчү компаниясынын баалуу кагаздарынын куну бир аз көтөрүлдү. Андай болгону менен, жыл башынан бери акциялардын баасы 50% ашык арзандады.

Учурда Торонто фондулук биржасына ылайык, бир баалуу үлүш кагазы 3.95 канада долларына барабар. Эркин жүгүртүүдө 51 1509 акция бар жана алардын базардык капитализациясы 933 732 047 канада долларын түзөт.

“Центерра Голддун” акцияларынын быйылкы эң төмөн көрсөткүчү 2.82 канада долларына түшкөн. Ал эми эң жогорку баасы 10.42 канада доллары болгон.

1 канада доллары 46 сом 50 тыйынга барабар. (BAz)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG