Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:53

Обама Сочиге келээр-келбеси азырынча белгисиз


АКШнын президенти Барак Обаманын Сочи Олимпиадасына келээр-келбеши Вашингтон тарабынан жакынкы күндөрдө чечилип калышы мүмкүн. Бул тууралуу АКШнын Орусиядагы элчиси Майкл Макфол "Эркин Европа/Азаттык" үналгысынын орус кызматына жана “Америка добушу” радиосундагы маегинде айтты.

Макфол ошондой эле Москванын “Магнитскийдин тизмесине” жооп кылып, америкалыктар тарбынан орусиялык балдарды асыроого тыюу салуусу адекваттуу жооп эмес экенин белгиледи.

Макфол АКШда жашыруун маалыматтарды ачыктады деп күнөөлөнүп жаткан АКШнын чалгындоо кызматынын мурдагы кызматкери Эдвард Сноуденге Орусиянын утурумдук башпаанек бериши Обаманын Москвага келбей калышына себеп болгонун айтты. Бирок элчинини пикиринде, эки өлкөнүн көз карашында айырмачылыктар болгону менен кызматташуу улана берет. (AiK)

XS
SM
MD
LG