Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:51

Сарууда жыйын өтөт


Бүгүн Жети-Өгүз районунун аттуу-баштуу тургундары Саруу айылына барып, жергиликтүү тургундар менен жолугат. Бул тууралуу райондун акими Дамир Моңолдоров “Азаттыкка” билдирди. Жолугушууда алар үч айдан бери нааразылык акциясын өткөрүп жаткан айыл тургундары менен сүйлөшүп, тынчтыкка жана сабырдуулукка чакырат.

Жети-Өгүз районунун Саруу айылынын тургундары Кумтөр алтын кенин улутташтыруу талабы менен быйыл май айынан бери митингдерди уюштуруп келет. 7-октябрда Каракол шаарында болгон митинг облустагы өкмөттүн өкүлүн автоунаага камап коюу менен коштолгон. Аягында митингди күч кызматы кууп таратып, 23 кишини камакка алган. Учурда алардын сегизи УКМКнын тергөө абагында отурушат.(BkA)

XS
SM
MD
LG