Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:46

Азербайжан: жарандык активист камакка алынды


Өлкөдөгү Шайлоолорго байкоо жүргүзүү жана демократия борборунун жетекчиси Анар Мамедли камакка алынды. “Азаттыктын” азери кызматынан кабарлашкандай, Мамедли салык төлөөдөн качкан жана мыйзамсыз ишкердик менен шугулданган деп айыпталууда. Баку полициясы аны дүйшөмбүдө суракка чакырып, үч айга камакка алды. Мамедли жетектеген борбор ушул күздөгү президенттик шайлоо учурундагы мыйзам бузууларды ачыкка чыгарган.

Мамедли Азербайжандагы жарандык коомдун активдүү өкүлдөрүнүн бири. Анын тарапкерлери бийлик узак убакыттан бери оозун жабууга аракет кылып, ар кыл кысымдарды кылып келгенин билдиришүүдө. Жарандык активисттин камалышы Евробиримдиктин энергетика боюнча комиссары Гюнтер Эттингер жана Британиянын тышкы иштер министри Уильям Хейгдин Бакуга сапарына туш келди. Алар бүгүн Азербайжан менен газ куурун куруу боюнча бир нече миллиард долларлык келишимге кол коет.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG