Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:40

Сот тандоо кеңешинин мүчөсү басымга кабылганын айтты


Бул тууралуу аталган кеңештин мүчөсү Урматбек Момбеков “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, Жогорку Кеңештин айрым депутаттары кеңештин ишине тоскоолдук кылып, басым жасап жатышат:

- Жогорку Кеңештин депутаттары Галина Скрипкинанын кызы, Асылбек Жээнбековдун агасы, Курманбек Осмоновдун күйөө баласы, Тынчтык Шайназаровдун жездеси Сот тандоо кеңешинин сынагынан өтпөй калды. Ушундан улам бизге таарыныч болуп ишибизге тоскоолдук кылып жатышат. Ошондуктан, бизге басым болуп жатканын четке какпайм.

Момбеков кошумчалагандай, буга байланыштуу Сот тандоо кеңешинин айрым мүчөлөрү президентке кайрылды.

2010-жылдагы ыңкылаптан соң сот реформасын ишке ашыруу үчүн Сот тандоо кеңеши түзүлгөн. Бул кеңеш буга чейин Жогорку Сот, Конституциялык палата жана бир нече облустук соттордун судьяларын атайын сынактын негизинде тандаган.(BkA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG