Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:27

Кыргызстан: экстремисттик топтун 1700дөн ашык мүчөсү бар


Кыргызстанда экстремисттик топтордун 1700дөн ашык мүчөсү бар
Бул тууралуу Ички иштер министринин орун басары Бактыбек Жусубалиевдин министрликтин расмий сайтында жарыялаган макаласында айтылган.

Маалыматка ылайык, экстремисттик топтордун мүчөлөрүнүн 73 пайыздан ашыгы “Хизб ут-Тахрир" уюмунун мүчөсү. Жусубалиев өз макаласында мындай топтордун өлкө коопсуздугуна коркунучу жылдан-жылга артып баратканын белгилеген.

"Тыюу салынган топтун мүчөлөрү бир өлкөдөн экинчи өлкөгө тоскоолдуксуз өтүп, өз идеяларын таратып жатат. Акыркы жылдары экстремисттик топтордун катарында аялдар да көбөйдү. Маселен, 2005-жылы аялдардын катышы 1 гана пайызды түзсө, 2012-жылы 23 пайызга көбөйгөн",-деп жазылат макалада.

Мындан улам Жусубалиев коопсуздукка коркунуч келтирген топтор менен күрөшүүгө коомчулуктун көңүлүн буруп, биргелишип чара көрүүгө чакырууда.(BkA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG