Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:29

Чоң-Шынаа боюнча президентке кайрылуу жолдонот


Таластын Көк-Сай айылынын тургундары президент Алмазбек Атамбаевге кайрылат. Бул тууралуу аталган айылдын тургуну Айткул Тайлаков "Азаттыкка" билдирди. Анын айтымында, кайрылууда чарчы түрүндө Кыргызстандын аймагына кирип турган Чоң-Шынаа аймагынын бир четин ачып берүүнү суранат:

- Саясатташып, тигил-бул жакта митинг болгондуктан биздин иш токтоп турат. Жакынкы күндөрү айылдык кеңештин кезексиз жыйынында карап, президентке кайрылалы деп жатабыз. Чоң-Шынаанын бир четин ачып бербесе, эки айылга кыйын болуп жатат.

Казакстандын аймагына караштуу Чоң-Шынаа 2001-жылдагы келишим боюнча Казакстанга өткөрүлгөн. 2011-жылы эки тараптын жергиликтүү бийликтери Чоң-Шынаанын Кыргызстанга караган учун берип, анын ордуна Көк-Сай айылынын аймагындагы эки жайлоого алмашуу тууралуу макулдашкан.

Бирок көксайлыктар буга каршы чыгып, жер алмашууну жокко чыгаруу талабы менен июнь айында Жамбылга кетчү сууну 11 күн бууп турган. Мындан соң эки тараптын өкмөттөр аралык комиссиялары 2011-жылкы келишимди жокко чыгарган.(EBM\BkA)

XS
SM
MD
LG