Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:58

“Газпром” өкүлү зордуктоого шектелип жатат


Чүйдүн Аламүдүн райондук Ички иштер башкармалыгында кесиптешин зордуктады деген айып менен “Газпром” компаниясынын кызматкери сурак берүүдө. Бул тууралуу облустук Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Каракол шаарынын 25 жаштагы тургуну 21 жаштагы айымды зордуктады деген шек менен 16-декабрда кармалган. Милиция тараткан тасмада кармалган адам зордукталды делген кыз менен “Газпром” компаниясында чогуу иштээрин айткан.

Шектүү зордуктоону мойнуна ала элек. Ал күнү мас болгондуктан, эсинде эч нерсе калбаганын айтууда. Иликтөө иштери уланып жатат. (SE)

XS
SM
MD
LG