Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:50

Отуз эки бала бакча мамлекетке кайтарылды


Жеке менчикке өтүп кеткен 32 бала бакча мамлекетке кайтарылганын бүгүн башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, 1995-2012-жылдар аралыгында мектепке чейинки билим берүү мекемелерин менчикке өткөрүүнүн мыйзамдуулугун текшерүү боюнча 50 кылмыш иши ачылган. Мыйзам бузууларды жоюу боюнча 80ден ашуун прокурордук актылар түзүлүп, 120дан ашуун доо арыз сотко жөнөтүлгөн.

Иликтөө иштери уланып жатат.

Эгемендик алгандан соң Кыргызстанда көпчүлүк бала бакчалар менчикке өтүп, имараттары башка максаттарда колдонулуп келет. (SE)

XS
SM
MD
LG