Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:20

ЕККУнун өкүлү Түркмөнстандагы шайлоого өз баасын берди


ЕККУнун Түркмөнстандагы парламенттик шайлоого көз салган тобунун жетекчиси өлкө демократия жана адам укуктары чөйрөсүндө өзүнө алган милдеттенмелерди аткаруу үчүн “дагы көп аракет көрүшү керек” деп билдирди. Бирок “обочодо калууга караганда аларды аткарууга кадам таштоо өз жемишин берет”, - деди Жэймс Уолш “Азаттык” радиосуна курган маегинде. Ал белгилегендей, алгачкы жолу Ашгабад өкмөтү ЕККУнун Парламенттик ассамблеясына шайлоого көз салуу чакыруусун жиберген.

Биринчи жолу ат салышка эки партия катышканына басым жасаган Уолш, түркмөн бийлиги “чыныгы демократиялык жана көп партиялуу системага” жетет деген үмүтүн ортого салды. Миссия шайлоо боюнча өз тыянагын жума күнү шардана кылмакчы. ЕККУнун Демократиялык институттар жана Адам укуктары боюнча кеңсеси өлкөдө эркиндиктер чектелип жатканын айтып, өз тобун жиберген эмес.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG