Кыргызстан Орусиядан мунайдын чийки затын алып ушул тармактагы ишканаларда колдонот. Бул тууралуу бүгүн Бишкекте өткөн кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиянын жыйынында айтылды. Кыргыз тараптын ушул жааттагы кайрылуусун орус өкмөтү колдоп, аны аткаруу жагын “Ростнефть” компаниясына тапшырды.
Жакында аталган компаниянын алдында “РН-Борбор Азия” ишканасы түзүлүп, Кыргызстанга чийки мунай алып келүү менен алектенмекчи. (ZB\SE)
Жакында аталган компаниянын алдында “РН-Борбор Азия” ишканасы түзүлүп, Кыргызстанга чийки мунай алып келүү менен алектенмекчи. (ZB\SE)