Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:14

Меркел канцлер болуп расмий бекиди


Германиянын парламенти канцлер Ангела Меркелди 3-ирет бул кызматка расмий бекитти. Үч ай мурун анын Христиан демократиялык партиясы жалпы улуттук шайлоодо жеңген. 59 жаштагы Меркел дагы 4 жыл “чоң коалицияны” жетектемекчи. Чыгыш Германияда туулуп-өскөн саясатчы биринчи жолу 2005-жылы канцлердикке шайланган. Эми анын үч партиядан турган коалициясы Бундестагда көпчүлүк орундарга ээ болду. Жаңы өкмөттө алгачкы жолу коргоо министрдин кызматын аял киши аркалайт. Урсула фон дер Лейенди көптөрү Меркелдин мураскери деп атап жүрүшөт. Тышкы иштер министрлигин Франк-Валтер Штайнмайер жетектейт.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG