Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:41

Москвада Янукович менен Путин жолугушууда


Ушул тапта Москвада Орусия менен Украинанын мамлекеттер аралык комиссиясынын жыйыны өтүүдө. Ага эки президент төрагалык кылууда. Ал эми Украин оппозициясы өз тарапкерлерин бүгүн кайрадан Эгемендик аянтына чогулууга үндөдү. Бүгүнкү акцияда Украинанын Бажы биримдигине кошулбоо талабы коюлмакчы.

Президенттердин бүгүнкү жолугушуусунун жыйынтыгында 10дон ашык документке кол коюлат деп күтүлүүдө. Оппозиция Виктор Янукович Москвага “Украинаны сатууга” баратканын, Бажы биримдиги боюнча келишимге кол коюу мүмкүндүгүн жокко чыгарбайт.

Сүйлөшүүлөрдүн алкагында Киев ири кредит алууну жана газ маселесин чечип алууну көздөйт.

Ушул эле күнү Жогорку Рада премьер-министр Микола Азаровдун отставкасын талап кылган кайрылууну карайт. 3-декабрда парламент өкмөткө ишеним көрсөтпөө сунушун колдобой койгон.

Оппозиция Азаров пенсия жашына жеткендиктен кызматынан кетиши керек деп келатат. Бүгүн премьер 66 жашка чыгууда.

Ноябрдын этегинен бери Киевде өлкөнүн евроинтеграциясын талап кылгандар мөөнөтсүз акция өткөрүп жатышат.

XS
SM
MD
LG