Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:48

Азербайжан газы Орусияны кыйгап өтүп Европага жеткирилет


Азербайжандын “Шах Деңиз–2” газ долбоору боюнча иштеп жаткан консорциум жыйынтыктоочу инвестициялык келишимге кол койду. Муну менен газдын Европага экспорттолушуна жол ачылды. Азербайжан президенти Илхам Алиевдин айтымында, шейшембиде Бакуда кол коюлган документ бир нече газ куурлары боюнча инвестициялык макулдашууларды камтыйт. Долбоордун жалпы көлөмү 35 миллиард долларга бааланууда. Алиев келишим “Европанын энергетикалык картасын өзгөртөөрүн кошумчалады.

Британиянын BP компаниясы долбоордун ири өнөктөштөрүнүн бири. Британиянын тышкы иштер министри Уильям Хэйг кол коюу аземине катышты.

Жаңы жол Орусияны кыйгап өтүп, газды Европа өлкөлөрүнө жеткирип турмакчы. “Шах Деңиз-2ден" жылына болжолу менен 20 миллиард метр куб газ экспорттолот. Анын бир бөлүгүн Грузия менен Түркия сатып алып турмакчы.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG