Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:26

Янукович Москва менен газ баасы боюнча келишимге жетишүүгө үмүттөнөт


Украина жана Орусия президенттери Виктор Янукович менен Владимир Путин Москвада газ маселесин талкуулап жатышат. Путин бул – мурда пландалган жолугушуу экенин баса белгиледи:

- Бул – өкмөттөр аралык консультациялардын алкагындагы мурда макулдашылган кездешүү. Ортодогу талылуу маселелерди чечүүгө жетише алабыз деп ишенем. Украина - сөздүн толук маанисинде - биздин стратегиялык шеригибиз жана өнөктөшүбүз экени калетсиз.

Янукович жаңы кредит алууну, газ баасын арзандатууну жана Одессадагы ишканага Орусиядан чийки мунай жеткирүү ишин жандандырууну көздөөдө. Президенттин сапары Киевде евроинтеграцияны талап кылган массалык демонстрациялар күчөп жаткан тушта өтүүдө.

Оппозиция өз тарапкерлерин бүгүн кайрадан Эгемендик аянтына чогулууга үндөдү. Бүгүнкү акцияда Украинанын Бажы биримдигине кошулбоо талабы коюлмакчы. Оппозиция Януковичтин Бажы биримдиги боюнча келишимге кол коюу мүмкүндүгүн жокко чыгарбайт.

Ал эми Жогорку Раданын бүгүнкү жыйыны башталгандан көп өтпөй 10 күнгө жылдырылды.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG