Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:07

ФИФА хорватиялык футболчуну фашисттик ураан үчүн жазалады


Футбол боюнча эл аралык федерация – ФИФА хорватиялык футболчу Йосип Симуничке 10 оюнга, анын ичинде Бразилиядагы дүйнө чемпионатына катышууга тыюу салды.

19-ноябрда Загребде Хорватия 2-0 эсебинде Исландияны уткандан кийин Симунич микрофонду алып: “Ата-Мекен үчүн!” деп кыйкырганда ышкыбоздору “Даярбыз!” - деген жообун кайтарышкан. Мындай ураанды Экинчи дүйнөлүк согуш маалында нацисттердин өнөктөшү Усташа режими колдончу. Режимдин колунан көптөгөн жөөт, серб, лөлү жана антифашисттер каза тапкан.

ФИФА футболчуну 30 миң швейцар франкын айып пул катары төлөөгө милдеттендирди жана дүйнө чемпионатынын оюндарын стадиондорго отуруп көрүүгө тыюу салды. Хорватиянын Футбол ассоциациясы мындай катаал жазаны күтпөгөнүн, аны талашаарын билдирди. Симунич өткөн айда ал чакырыгы менен “жаман бир нерсе көздөбөгөнүн” айткан.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG