Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:35

НАТОнун алты аскери учак кырсыгынан набыт болду


Ооганстандын түштүгүндө НАТОнун коопсуздук күчтөрүнүн учагы кулап, 6 аскер мерт кетти. Кырсык себеби аныктала элек, учурда иликтенип жатат. Эл аралык контингенттин маалыматында, учак кулаган аймакта аскердик операциялар жүргөн эмес. Азырынча набыт кеткен аскерлердин кайсы өлкөдөн экени тууралуу расмий маалымат да айтыла элек. Бирок АКШнын Коргоо министрлигинин атын атабаган өкүлү каза болгон аскерлер америкалыктар экенин билдирип чыкты. Бул кырсык НАТОнун аскерлери катышкан акыркы айдагы эң кандуу окуя болуп калды. Буга чейин Забул аймагында Талибандын согушчандары тик учакты атып түшүрүп, андан НАТОнун сегиз аскери ажал тапкан.

XS
SM
MD
LG