Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:21

Марс Жусупбековдун иши сотко өттү


Камакка алынган Бишкектеги №1 тергөө абагынан жетекчиси Марс Жусупбековдун иши тергилип бүтүп, сотко өттү. Бул тууралуу “Азаттыкка” Жаза аткаруу мекемелериндеги мыйзамдуулукту көзөмөлдөө боюнча прокурор Майрамбек Акматалиев билдирди. Анын айтымында, жакынкы аралыкта Жусупбековдун үстүнөн сот иши башталышы керек.

Марс Жусупбеков 29-ноябрда камакка алынган. Ал Кылмыш-жаза кодексинин кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланган жана кызматтык ыйгарым укуктардан аша чапкан деген беренелер боюнча айыпталууда. Учурда Жусупбеков УКМКнын тергөө абагында кармалууда.(BkA\EBM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG