Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:22

Орусия: Мамдума мунапыс мыйзамын карайт


Орусиянын Мамлекеттик Думасы Баш мыйзамдын 20 жылдыгына карата мунапыс долбоорун бүгүн кабыл алышы мүмкүн. Бийликчил партиянын депутаттары басымдуулук кылган Дума бул мыйзам долбоорду шейшембиде биринчи окууда жактырган. Буга чейин президент Владимир Путин бул мунапысты кылмышкерлерди жазадан эрте бошотуу эмес, өкмөттүн гумандуу саясаты катары кабыл алуу керектигин белгилеген.

Бирок Кремлдин сынчылары бул мунапыс Путиндин атаандашы саналган мурдагы олигарх Михаил Ходорковский, оппозициянын лидерлеринин бири Алексей Навальныйга тиешелүү эмес экенин сындап жатышат. Анткен менен мунапыстын аркасы менен Путиндин саясатына каршы ырдаганы үчүн соттолгон Pussy Riot панк тобунун мүчөлөрү эркиндикке чыгышы мүмкүн. Талдоочулар муну Кремлдин Сочи Олимпиадасына карата айтылып жаткан сын-пикирлерди жумшартуу аракети катары баалап жатышат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG