Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:32

Баткен: кыргыз-тажик чегинде сүйлөшүүлөр өтүүдө


Сүйлөшүүгө Тажикстандын Согдий облусунун төрагасынын биринчи орун басары Жумабой Сангинов менен Исфара районунун акими, Кыргызстандан өкмөттүн Баткендеги өкүлүнүн орун басары Бакирдин Жолчиев менен Баткен районунун акими Сейитмурат Калыков катышууда. Сүйлөшүү 200 киши топтолуп турган Тажикстан тарапта өтүп жатат.

Баткен районунун Ак-Сай айылында 17-декабрь түнү кыргыз жана тажик жарандарынын ортосунда тирешүү болгон. Тажикстанга жакын ээн жерде кыргыз жаранына тиешелүү чайкана өрттөлгөнү окуяга себеп болгону айтылууда. Чек ара кызматынан билдиришкендей, учурда Ак-Сайды Баткен районунун борбору менен байланыштырган жолду 200дөй тажик жарандары тосуп, Ак-Сай жана Тажикстандын Ворух анклавына жол каттамы жок турат.

Бир аз мурдарак кыргыз-тажик чек арачылары сүйлөшүп, түнү бою күтүп турган, эң зарыл делген машиналарды өткөрө башташкан. (КЕ/JsA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG