Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:17

Өспүрүмдөргө спирт ичимдигин саткандар жоопко тартылды


Бүгүн Мамлекеттик салык кызматы Бишкек шаарынын Октябрь жана Ленин райондук милициясы, жаштардын “Dilgroup” бирикмеси менен биргеликте шаардын бир нече дүкөндөрүндө рейд өткөрдү. Анда 18 жашка толо элек өспүрүмдөргө спирт ичимдиктеринин жана тамекинин сатылып-сатылбаганы текшерилди. Рейд учурунда өспүрүмдөргө алкоголдук ичимдик саткан дүкөн ээлерине беш миң сом айып пул салынып, эскертүү берилди.

Кыргызстанда 18 жашка толо элек өспүрүмдөргө алкоголдук ичимдиктерди сатууга тыюу салынган. Мындай мыйзамга президент Алмазбек Атамбаев быйыл жайында кол койгон. Мыйзамга ылайык, жашы жете электерге спирт ичимдиктерин саткандарга жана лицензиясы жок соода кылгандарга администрациялык жоопкерчилик күчөтүлгөн. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG