Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:12

Баткен: Ворухтун жолу шагыл менен тосулду


Баткен облусунун Ак-Сай айылынын тургундары Тажикстандын Ворухка кеткен жолун шагыл менен тосушту. “Азаттыктын” аймактагы кабарчысынын айтымында, жолго үч машина шагыл төгүлдү. Учурда аталган жерде 50дөн ашуун адам бар.
Бир аз мурдараак Тажикстандын Согдий облусунун төрагасынын биринчи орун басары Жумабой Сангинов, Исфара районунун акими, Кыргызстандан өкмөттүн Баткендеги өкүлүнүн орун басары Бакирдин Жолчиев жана Баткен районунун акими Сейитмурат Калыков жолугуп сүйлөшкөн. Бирок эл жолду ачуудан баш тартып, өрт койгондор табылсын деп талап коюп жатышат.

Баткен районунун Ак-Сай айылында 17-декабрь түнү кыргыз жана тажик жарандарынын ортосунда тирешүү болгон. Окуяга Тажикстанга жакын ээн жерде кыргыз жаранына тиешелүү чайкана өрттөлгөнү себеп болгону айтылууда. (КЕ/JsA)

XS
SM
MD
LG