Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:51

Чек арадагы чатак боюнча эки тараптуу комиссия түзүлдү


Согдий облусунун төрагасынын биринчи орун басары Жумабой Сангинов “Азаттыктын” тажик кызматына маегинде Ак-Сайдагы кыргыз-тажик сүйлөшүүлөрү бүткөн соң кырдаал турукташып, чек арада жашаган адамдар үйлөрүнө тарап жатышат деп билдирди. Жакынкы сааттарда унаалар үчүн жолдор ачылаарын да кошумчалады.

- Биз жолугушуу учурунда эки тарап тең бул фактылар атайын структуралар тарабынан иликтениши керек деп макулдаштык. Бул окуяларга тиешеси барлар жазасын алышы керек. Кылмышкерлердин улуту жана диний ишеними жок. Биз эки тараптуу комиссия түздүк. Комиссия өз ишин баштады жана жыйынтыктарын айтат. Тажик тараптын пикиринде, бул окуялар атайын кандайдыр бир чагымчылдар тарабынан уюштурулуп жатат.

Бир аз баштараак кыргыз-тажик чегинде сүйлөшүүлөр өттү. Сүйлөшүүгө Тажикстандын Согдий облусунун төрагасынын биринчи орун басары Жумабой Сангинов менен Исфара районунун акими, Кыргызстандан өкмөттүн Баткендеги өкүлүнүн орун басары Бакирдин Жолчиев менен Баткен районунун акими Сейитмурат Калыков катышты. Сүйлөшүү 200 киши топтолуп турган Тажикстан тарапта өттү.

Баткен районунун Ак-Сай айылында 17-декабрь түнү кыргыз жана тажик жарандарынын ортосунда тирешүү болгон. Тажикстанга жакын ээн жерде кыргыз жаранына тиешелүү чайкана өрттөлгөнү окуяга себеп болгону айтылууда. Чек ара кызматынан билдиришкендей, учурда Ак-Сайды Баткен районунун борбору менен байланыштырган жолду 200дөй тажик жарандары тосуп, Ак-Сай жана Тажикстандын Ворух анклавына жол каттамы жок турат.

Бир аз мурдарак кыргыз-тажик чек арачылары сүйлөшүп, түнү бою күтүп турган, эң зарыл делген машиналарды өткөрө башташкан. (JsA/AiK)

XS
SM
MD
LG