Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:33

Мамдума президенттик мунапыс жөнүндө мыйзамды жактырды


Орусиянын Мамлекеттик Думасы Конституциянын 20 жылдыгына арналган президенттик амнистиянын долбоорун үчүнчү окууда кабыл алды. Документ жуманын аягына чейин басма сөздө жарыяланган соң расмий күчүнө кирет деп күтүлүүдө. Документке ылайык, жашы жете электер, майыптар, жашы өйдөлөгөндөр, кош бойлуу жана балалуу аялдар мунапыска илинет. Ошондой эле былтыр абакка кесилген Pussy Riot тобунун мүчөлөрү жана сентябрда Арктикада «Гринпис» экологиялык уюмунун кемесинде кармалган 30 кишиге да мунапыс жарыяланат. Эсептөөлөр боюнча жалпысынан 10-15 миң адам мунапыс алышы мүмкүн.

XS
SM
MD
LG