Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:28

Академик Алдашевге арналган көргөзмө ачылат


Бүгүн Бишкектеги Улуттук китепканада академик, жазуучу, коомдук ишмер Абдулхай Алдашевдин 95 жылдыгына жана анын уулу академик Алмаз Алдашевдин 60 жылдыгына арналган көргөзмө ачылат. Анда ата-бала Алдашевдердин китептери, сүрөттөрү жана жазган эмгектери коюлмакчы.

Абдулхай Алдашев 1918-жылы 19-декабрда Жети-Өгүз районундагы Ак-Кочкор айылында туулган. 1939-жылы Кыргыз айыл чарба институтун бүтүргөн. Ал ири окумуштуу катары биологиялык активдүү 30 заттын дарылык баалуулугун ачкан, анын 11ине ойлоп табуучунун автордук күбөлүгү берилген. Абдулхай Алдашев таасын окумуштуу, таланттуу акын-жазуучу, бир нече энциклопедиянын түзүүчүсү болгон. Анын уулу Алмаз Алдашев биология илими боюнча Кыргызстандагы чыгаан окумуштуулардын бири. Ал учурда Кыргыз улуттук илимдер академиясынын вице-президенти болуп эмгектенет.(BkA)

XS
SM
MD
LG