Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:50

Парламентте Кадамжай сурма комбинатында абал оор экени айтылды


Бул маселени бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Мурадыл Мадеминов көтөрдү. Анын айтымында, Кадамжай сурма комбинатынын кызматкерлери өкмөткө, Жогорку Кеңешке кайрылып, акыбал оор экенин айтышкан. 250 киши кол койгон катта эки айдан бери айлык албай, кышында кыйналышканы жазылган. Маалыматка ылайык, азыр 100 тонна продукцияны айлык акы берилмейинче кызматкерлер чыгарбай турушат.

- 100 млн. долларга курууга мүмкүнчүлүк болбогон комбинат 2 млн. долларга 2005-жылы сатылып кеткен. Келишимде жазылган 8 пункттун бирөө да аткарылган эмес. Ошондуктан бул маселени профилдик комитет карап чыгып, өкмөт менен бирге комбинаттын тагдырын карап, кыргыз элине иштей тургандай чечим чыгарып берсек, - деди Мадеминов.

Аталаган комбинат 2005-жылы казакстандык «АТФ-Инвест» компаниясына сатылган. Быйылкы жылдын 1-ноябрына чейин 1415 тонна сурма өндүргөн. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG