Жогорку Кеңештин жыйынында 2014-жылдагы бюджеттин долбоору талкууланып жатат. Ага премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев баштаган өкмөт мүчөлөрү катышууда. Депутаттардын алдында өкмөт башчы Сатыбалдиев маалымат берип жатат. Сатыбалдиевдин белгилешинче, бюджет ачык-айкын, социалдык мүнөздө болот. Социалдык коргоо, билим берүү, саламаттыкты сактоону каржылоо чыгашалардын жалпы бөлүмүнүн 50% түзөт. Келерки жылы да пенсияны, мамлекеттик кызматкерлердин айлыгын көтөрүү иши уланат.
Бюджеттин киреше бөлүгү былтыр бекитилгенге караганда 3 млрд. 93 млн. сомго жогорулатылган. Бул каражаттар социалдык, реалдуу секторго, мамлекеттик аппаратка жана күч структураларына кошумча бөлүнгөн. Жалпысынан 2014-жылдагы бюджеттин долбоорунда киреше 93,5 млрд., чыгаша 102 млрд. 900 млн. сомду түзөт. Бюджеттик тартыштык 2,4%. (КЕ)