Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:21

Аба ырайы


19-20-декабрга чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек - Ош, Мырзаке - Кара-Кулжа - Алайку, Каракол - Эңилчек, Ала-Бука – Каныш-Кыя жолдорунда кар көчкүсү жана кар күрткүсү күтүлөт. Жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги автоунаалардын ортосунда 500 метр аралык сакталышы керектигин эскертет.

Синоптиктердин билдиришинче, 20-декабрда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -9…-14, күндүз 2...7,
Талас жергесинде түнкүсүн -10…-15, күндүз -1…+4,
Баткен облусунда -3…-8, күндүз 2…7,
Ош жана Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -4…-9, күндүз 0…5,
Ысык-Көлдө түнкүсүн -6...-11, күндүз -3…+2,
Нарында түнкүсүн -15…-20, күндүз -3…-8,
Тоолордо түнкүсүн -25…-30, күндүз -10…-15 градус суук болот.

Бишкек шаарында түнкүсүн бир аз кар жаашы мүмкүн, күндүз жаан-чачын болбойт. Жолдор тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -6…-8, күндүз 5...7 градус жылуу болот. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG