Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:15

Оң рулдуу машиналарга бажы төлөмү көбөйөт


2015-жылдын биринчи кварталынан тарта Кыргызстанга алынып келинген оң рулдуу автоунааларга бажы төлөмдөрү жылына карабай кыйла көбөйөөрүн бүгүн өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев парламентте билдирди.

Кыргызстанда оң рулдуу машиналарга тыюу салуу демилгеси бир топтон бери көтөрүлүп келет. Жогорку Кеңеш быйыл жазда оң рулдуу унаалар менен эл ташууга тыюу салган мыйзамды кабыл алган. Президент Алмазбек Атамбаев буга каршы пикирин билдирип, аталган мыйзам унаа кызматын көрсөтүү тармагынын өнүгүшүнө терс таасирин тийгизээрин жана башка мыйзамдарга карама-каршы келген нормалар бар экенин билдирип, аны кайрадан иштеп чыгууга жөнөткөн.

Мыйзамдын демилгечилери мындай чара жүргүнчүлөрдүн коопсуздугу үчүн керектигин белгилешүүдө. Ишкерлер бул демилгеге каршы акцияларды да өткөрүшкөн.(КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG