Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:26

Янукович: Москванын колдоосу ЕБ менен интеграцияга каршы келбейт


Виктор Янукович (солдо) менен Владимир Путин тийиштүү келишимдерге 17-декабрда Москвадагы жолугушууда кол коюшкан.

Виктор Янукович (солдо) менен Владимир Путин тийиштүү келишимдерге 17-декабрда Москвадагы жолугушууда кол коюшкан.

Украинада президент Виктор Янукович Орусиядан алына турган 15 млрд. доллар насыя боюнча келишимди жактап, "бул Киевдин Евробиримдик менен интеграцияга баруу пландарына эч каршы келбейт",- деди. Ошол эле маалда Янукович Орусия жетекчилик кылган Бажы биримдигине кирүү боюнча документтерди да анализдеп жатканын билдирди.

Шейшембиде Янукович Москвага барганда орус президенти Путин Украинага 15 млрд. доллар насыя жана газдын баасын 30% арзандатууну сунуш кылган. Украин өкмөтүнүн башчысы Микола Азаров муну “тарыхый” келишим катары сыпаттап, өлкө экономикасына ал олуттуу жардам болорун айткан.

Бүгүн Киевде өткөн маалымат жыйынында Янукович анын өкмөтү Евробиримдик менен ассоциативдик келишим түзүүнүн оң-терс жактарын дале изилдеп жатканын белгиледи. Өткөн айда президент ал келишимге кол коюудан баш тарткан. Ошондон бери Киевдин борборунда евроинтеграцияны жактагандардын нааразылыгы уланып жатат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG