Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:02

“Пирамидага” орусиялык ишкерлер кызыгууда


Апрель окуясынан кийин улутташтырылган “Пирамида” телеканалын орусиялык компания убактылуу башкарууга алышы мүмкүн.

Бирок өкмөт “Пирамида” башкарууга берилгени менен, анын 100 пайыз акциясы жана маалымат саясаты Кыргызстандын көзөмөлүндө боло турганын айтууда. Буга чейин президент “Пирамиданын” базасында “Маданият. Тарых. Тил” телеканалын ачуу боюнча жарлыкка кол койгон. Стратегиялык ишкана, компанияларга Орусиянын кызыгып жатышы бул өлкөгө болгон көз карандылыкты дагы күчөтөт деген сөздөрдү пайда кылууда.

“Пирамида” сатылбайт, башкарууга өтөт

17-декабрда Бишкекте өткөн кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиянын жыйынынан соң кабыл алынган протоколдо “Пирамида” телекомпаниясы боюнча да сөз болду. Анда кыргыз тарапка “Пирамида” телеканалын орусиялык “Мамлекеттер аралык өнүгүү корпорациясы” ачык акционердик коомуна башкарууга берүү жагын кароону эртелетүү сунушталган. Анын базасында заманбап телерадиоберүү холдинги түзүлөрү көрсөтүлгөн. Өкмөт аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн эксперти Мелис Айдаркулов буларга токтолду.

- 100 пайыз менчик мамлекеттин карамагында болот. Менчик укугун Орусия тарапка өткөрүп берүү боюнча эч кандай сөз жок. Болгону бул жерде орусиялык компания инвестиция салып, телеканалды өнүктүрөт. Бирок менчик мамлекеттин карамагында калат. Башкарууну түзгөндө дагы ал жерде Кыргызстандын көзөмөлдүгү сакталат.

Айдаркулов кошумчалагандай, “Пирамиданы” башкарууга берүү шарттары боюнча али акыркы чечим кабыл алына элек. Быйыл 2-августта президент Алмазбек Атамбаев “Пирамида” медиа холдингинин базасында “Маданият. Тарых. Тил” телеканалын түзүү боюнча жарлыкка кол койгон. Анда кыргыз элинин тарыхый-маданий мурастарын, анын ичинде кыргыз тилин кеңири таанытуу, өркүндөтүү боюнча берүүлөр даярдалары айтылган.

Мелис Айдаркуловдун маалымдашынча, “Маданият. Тарых. Тил” телеканалын ишке киргизүү боюнча да иштер жүрүүдө.

- Пирамиданын эки жыштыгы бар. Биз шуну жакшы түшүнүп алышыбыз керек. Бири мурдагы эле “Пирамида” боюнча калып, ага Орусия тарап инвестиция салып, каналды өнүктүрөт. Экинчи жыштыгында президенттин жарлыгы менен түзүлгөн “Маданият. Тарых. Тил” телеканалы ачылып жатат. Бул телеканалды каржылоо бюджеттин эсебинен болот.

Маалымат коопсуздугуна сокку болобу?

17-декабрда Бишкекте өткөн кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиянын 16-кеңешмесинде орусиялык “Новапорт” компаниясы “Манас” жана “Ош” аэропортторун узак мөөнөттүү башкарууга алууну сураганы айтылган. Ага ылайык, эки өлкөнүн тиешелүү мекемелерине келишимдин шарттарын иштеп чыгуу жүктөлгөн. Ага чейин “Кыргызгаз” ишканасы карызы менен Орусияга сатылган болчу.

Бул көрүнүштөр өз кезегинде Кыргызстандагы Орусиянын буга чейинки таасирин андан да көбөйтөт деген талкууларга жем таштады. Саясий илимдердин кандидаты, журналист Бакыт Орунбеков орусиялык компания кыргыз телеканалын башкарууну колго алса, маалымат коопсуздугуна сокку болот деп эсептейт.

- Бул мамлекеттин коопсуздугуна, мамлекеттин маалымат коопсуздугуна өзүнүн таасирин тийгизет. Ошондой эле мамлекеттин идеологиясына, суверендүүлүгүнө болгон мамилеге терс таасири болот.

Бакыт Орунбеков эгер мүмкүнчүлүк берилсе, “Пирамиданы” өнүктүрүүгө жергиликтүү да медиамагнаттар табылмак деген ойдо. Анын пикирине “Журналисттер” коомдук бирикмесинин төрагасы Марат Токоев да кошулат.

- Пирамидага байланыштуу азырынча бир нерсе деп айтуу кыйын. Бирок ушул каналды иштетем деп, Кыргызстандын өзүнөн бирөө-жарым чыкса, жакшы болмок.

“Пирамида” телеканалына кызыгып жаткан орусиялык “Мамлекеттер аралык өнүгүү корпорациясы” 2010-жылы Омск шаарында негизделген ачык акционердик коом болуп саналат. Ал Жамааттык коопсуздук келишими уюму кирген мамлекеттерде илимий-өндүрүштүк жана жогорку технологиялык жамааттарды (кооперацияларды) өнүктүрүүнү максат кылат.

“Пирамиданы” 1991-жылы алгачкы көзкарандысыз телеканал катары маркум Адыл Бийназаров өзүнүн ишкер өнөктөштөрү менен биргеликте түптөгөн. Ал тунгуч президент Акаев мезгилинде оппозициянын үнүн угузган жападан жалгыз телеканалга айланса, Бакиев бийлиги аны толук тартып алган болчу. Ал эми 2010-жылдан кийин келген Убактылуу өкмөт аны улутташтырган. “Пирамида” учурда Кыргызстандагы 5-6 негизги телеканалдын бири.
XS
SM
MD
LG