Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:47

КТРК Байкоочу кеңеши Оторбаевдин маселесин кароодо


Ушу тапта Коомдук телерадиокорпорациянын Байкоочу кеңешинин жыйыны өтүп жатат. Анда Коомдук каналдын башкы директору Кубат Оторбаевге ишеним көрсөтпөө боюнча маселе каралууда. Аталган кеңештин төрагасы Илим Карыпбековдун билдиришинче, мындай маселени көтөрүүгө Оторбаевдин жылдык отчетунун канаатандыраарлык эмес деп табылышы негиз болгон. Бир саамдан соң добуш берүү башталат.

КТРКнын Байкоочу кеңеши 15 мүчөдөн турат. Анын мүчөлөрүн президент, парламент жана жарандык коом өкүлдөрү көрсөтүп, Жогорку Кеңеш тандаган.(BkA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG