Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:37

Путин: Ходорковский жакын арада түрмөдөн бошотулат


Михаил Ходорковский
Михаил Ходорковский
Орусияда ЮКОС мунай компаниясынын мурдагы жетекчиси Михаил Ходорковский жакын арада түрмөдөн президенттин ырайымы менен чыгарылат. Бул тууралуу бүгүн жылдык маалымат жыйынынан кийин орус президенти Владимир Путин билдирди.

"Жакында эле ал мага кечирим сурап кат жазган. Ал 10 жылдан ашуун түрмөдө отурду, бул – олуттуу жаза, - деди орус президенти. - Азыр болсо апасы оорулуу экенин айтып, гуманитардык жагдайды эске алышымды сурады. Мен муну эске алыш керек деп эсептейм жана жакын арада Ходорковскийди түрмөдөн бошотуу тууралуу жарлыкка кол коюлат".

ЮКОСтун мурдагы башчысы, Орусияда учурунда эң бай адам деп саналган Ходорковский 2003-жылы камалган. 2005-жылы аны көз боёмочулук жана башка кылмыштар үчүн күнөөлүү деп табышкан. 2010-жылы ага “арам акчаны легалдаштырган” деген экинчи айып боюнча өкүм чыгарылган.

XS
SM
MD
LG