Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:55

Пакистанда коопсуздук күчтөрдүн рейдинде 32 адам өлдү


Пакистандын Түндүк Вазиристан аймагында коопсуздук күчтөрдүн рейдинде кеминде 32 адам өлдү, ондогон кишилер жаракат алышты. “Азаттыктын” пакистан редакциясы жергиликтүү булактарга шилтеме менен Мир Али деген жерде мейманканага болгон чабуулда 25 киши өлгөнүн кабарлап жатат.

Расмий кабарларда коопсуздук күчтөрү менен атышууларда 23 козголоңчу окко учканы айтылган. Бир нече киши жергиликтүү базардагы атышта көз жумган. Ал арада, ушул эле жерде бир үйгө чабуул болуп, аялды үч перзенти менен атып кетишкени айтылды.

Пакистан армиясы Мир Алиде аскерий базанын жанында жанкечти дүрмөттөлгөн машинени жардыргандан кийин рейдин баштаган эле. Андан төрт аскер курман болду. Чабуулду пакистандык талиптер менен байланыштагы "Ансарул Мужахеддин" деген экстремисттик топ жасаганын билдирди.

XS
SM
MD
LG