Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:33

Иракта зыяратчыларга чабуулдан 20дан ашуун киши мерт болду


Багдаддын четиндеги Дура районунда бүгүн шийи зыяратчылары топтолгон жерде бир жанкечти өзүн жардырып, 14 адам мүрт кетти. Борбор калаанын түштүгүндөгү Юссифия деген жердеги жанкечтинин жардыруусунан дагы сегиз зыяратчы набыт болду. Шийи зыяратчылары ыйык деп эсептеген Кербала шаарына баратышкан.

Жүз миңдеген эл Мухаммад пайгамбардын небереси имам Хуссейндин көз жумганынын күнүнө карата аны жылына 40 күн бою эскеришет. Соңку айларда суннилер менен шийилердин диний мүнөздөгү тиреш-чабуулдарынан Иракта жүздөгөн адамдар мерт кеткен.

XS
SM
MD
LG