Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:44

Түркияда жаңы саясий кризис тутанды


Фетхулла Гүлен жана Режеп Тайып Эрдоган. Сүрөт качан тартылганы белгисиз
Фетхулла Гүлен жана Режеп Тайып Эрдоган. Сүрөт качан тартылганы белгисиз

Түркияда жаңы саясий кризис жаралгандай. Премьер-министр Режеп Тайып Эрдоган коррупция боюнча чуулгандуу иликтөөнү айыптап, полициянын бул аракетин өкмөткө каршы “ыплас операция” деп атады.

Коррупция боюнча кеңири масштабдагы иликтөөнүн алкагында ушул аптада 50дөн ашуун киши, анын ичинде үч министрдин баласы, өкмөттүк “Халк банктын” башчысы кармалып, алардын ичинен он чакты киши кайра бошотулган.

Камоолордон кийин Эрдоган полиция чиновниктерин анын өкмөтүнө каршы “ыплас” иш жүргүзүп жатканы үчүн айыптады. Ошол эле учурда түрк премьери тергөөнү баштагандар анын өкмөтүнө көлөкө түшүрүүнү көздөгөн, “мамлекет ичинде мамлекет болгусу келген” уюмга караштуу экенин да ишара кылды.

Эрдоган ал уюмдун атын ачык атаган жок, бирок көптөргө премьер-министр АКШда жашаган, теги түрк, таанымал ойчул жана диниятчы Фетхулла Гүлендин жолун жолдоочуларды күнөөлөп жатканы түшүнүктүү болду.

Студенттердин "Халк банктын" алдындагы митингинен бир көрүнүш, 19-декабрь, 2013-жыл
Студенттердин "Халк банктын" алдындагы митингинен бир көрүнүш, 19-декабрь, 2013-жыл
Стамбулда чыгуучу Hurriet Daily News гезитинин саясий баяндамачысы Барчын Инанчтын айтымында, Эрдоган Фетхулла Гүлендин Түркиянын сот системасында жана полициясында таасирлүү кызматтарды ээлеген жактоочуларынын өз күн тартиби бар болгону үчүн буга чейин да айыптаган:

- Премьер-министр же анын министрлери мамлекет ичиндеги мамлекет деп айтканда кимдерди эске алып жатышканын коом жакшы эле билет. Анткени премьер-министри же анын кеңешчилери мындай топтун бар болгону жөнүндө биринчи эле жолу сөз кылган жок.

Күч алып бараткан жаңжалга жооп иретинде өкмөт полициянын кызматтагы жети адамын, анын ичинде Стамбулдун полиция башчысы Хусеин Чапкынды иштен четтетти. Премьер Эрдоган ошондой эле тергөөгө кезөмөл салышы үчүн эки прокурорду жеке өзү дайындарын да жарыялады.

Тергөөчүлөр прессага берип жерген маалыматтарга караганда, тинтүү учурунда мамлекет карамагындагы “Халк банктын” жетекчисинин үйүнөн 4,5 миллион доллар нак акча табылган. Өкмөт министринин баласынын үйүнөн оголе көп нак акча, акча эсептөөчү машина алынган.

Түрк гезиттеринин жазганына караганда, коррупция боюнча иликтөө арам акчаны адалдоо, Иран менен Түркия ортосундагы мунай-газ соодасы менен байланыштуу. Ага Түркия жана Иран өкмөтүнөн конкреттүү түрдө кимдер тартылганы белгисиз. Бирок башкы шектүүлөрдүн бири Түркияда жашаган ирандык ишкер, түрктөрдүн таанымал ырчысынын жубайы - Резза Зараб.

Түркия мунай жана газ импорту үчүн адатта Иранга нак акча берчү, бирок Тегеранга каршы эл аралык санкциялар киргизилгенден бери мунай-газ акысы алтын менен төлөнө баштаган.

Коррупция боюнча соңку иликтөө кандай болгон күндө Режеп Тайып Эрдогандын “Адилеттүүлүк жана өнүгүү” партиясын оңтойсуз абалга калтырчудай. Партия бийликке 2003-жылы “таза кол” урааны астында келген. Азыркы жаңжал Түркиядагы жергиликтүү жана президенттик шайлоого бир нече ай калганда орун алды.

Hurriet Daily News гезитинин саясий баяндамачысы Барчын Инанчтын пикиринде, бул жаңжал Эрдогандын жактоочулары менен кезинде АК партиянын бийликке келишине кол кабыш кылган Гүлендин жолун жолдоочулары биротоло кол үзүшкөнүнүн көрүнүшү:

- Бул эки бирикме кезинде кемалчылар, секулярист армия жана соттук элитадан турган жалпы душман менен күрөшүү үчүн күчтөрүн өз ара бириктиришкен. Эми болсо алар башкаруу стилине байланыштуу ич ара атаандашууга өттү. Мындайча айтканда, сөз негизинен бийликти бөлүштүрүү, кээ бир маселелер боюнча акыркы сөздү ким айтат дегенге барып такалып жатат.

Талдоочулардын баамында, камоолор менен кызматтан бошотуулар саясий, анын ичинде бийликтеги АК партия ичиндеги тирештин далили. Фетхулла Гүлендин жактоочулары парламенттик шайлоодо Эрдогандын партиясына жардам беришкени менен анын кээ бир окуулары түрк премьеринин учурдагы саясатына каршы келе баштаган. Ушундан улам Эрдогандын өкмөтү Гүлендин кыймылы өз катарына жаңы мүчөлөрдү тартуу жана каражат топтоо максатында колдонгон даярдоо борборлорун жабууга аракеттенген эле.

Гүлен 1999-жылы камалуу коркунучу жаралганда өлкөдөн чыгып кеткенден бери АКШда жашайт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG