Британиянын борбору Лондондо бейшемби күнү кечинде “Аполло” аттуу театрдын шыбы түшүп кетти. Шаардын куткаруу кызматынын маалыматында, андан 60тан ашык адам жабыркады. Алардын бешөө оор жаракат менен ооруканага жеткирилди. Каза болгондор тууралуу маалымат жок. Кырсык болгон учурда театрда кезектеги оюн жүрүп жаткан. Учурда полиция кырсыктын себептерин аныктап жатат.