Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:03

Кочкор-Атада мунайчылар митингге чыкты


Кочкор-Ата шаарындагы “Кыргызмунайгаз” ишканасынын кызматкерлери мекеменин короосунда митинг өткөрүп жатат. Алар Жалал-Абаддагы “Кыргызпетролиумкомпани” ишканасын “Кыргызмунайгаздын” карамагында калтыруу жана экономика министри Темир Сариевди жумуштан бошотуу талабын коюп жатышат. Акцияга “Кыргызпетролиумда” иштегендер да катышууда.

Алардын айтымында, Сариевдин “Кыргызпетролиумду” өзүнчө ишкана кылуу сунушун эки ишкананын өкүлдөрү тең колдобойт. Митингде сөзгө чыккандардын айтымында, “Кыргызпетролиумдун” мурда 11 жылдык кирешеси 7 миллион доллар болсо, “Кыргызмунайгаз” 2012-жылы аны сатып алгандан соң бир жылда 6 миллион доллардан ашуун пайда алып келген.

“Кыргызпетролиумду” өзүнчө ишкана кылуу демилгесин 25-ноябрда Экономика министрлиги көтөргөн. Министр Темир Сариев бул демилге “Кыргызмунайгазды” бөлүп-жаруу эмес, эки ишканадагы ачык-айкындуулукту камсыздоо аракети экенин “Азаттыкка” билдирди.

Кочкор-Атада өтүп жаткан нааразылык акциясына уюштуруучулардын айтымында, бир жарым миңдей, байкоочулардын эсебинде миңдей адам катышууда. Алар менен Ноокен районунун акими Абдырахман Осмонов жолугуп жатат. (YA\KJ\SE)

XS
SM
MD
LG