Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:53

Баткен: Ачылбаган жол, элеңдеген айылдыктар


Баткендеги Ак-Сай айылындагы 18-декабрда болгон тирештен соң чек арадагы жабылган жолдор ачыла элек. Бул тууралуу “Азаттыкка” учурда Баткенде жүргөн вице-премьер-министр Токон Мамытов билдирди.

Мамытовдун айтымында, ал кечээ Ак-Сай жана Көк-Таш айылдарынын тургундары менен жолуккан.

Коргонуу жана коопсуздук боюнча вице-премьер-министр Токон Мамытов кечээ 19-декабрда Тажикстандын Согдий облусуна чектеш жайгашкан Ак-Сай айылынын жашоочулары менен бир нече сааттык сүйлөшүү жүргүзгөн. Аймактагы кабарчыбыздын билдиришинче, Мамытов Согдий облусунан келген тажик тараптын өкүлүнө кайрылып, “тажик өкмөтү Ак-Сай-Тамдык жолун курууга макулбу?” деген суроону жеткирип барууну өтүнгөн.

Мамытов муну менен катар кыргыз тарап жергиликтүү эл койгон талаптарга расмий жооп күтөрүн кошумчалаган. “Эртеңге чейин жооп күтөбүз” деген Мамытов тажик өкүлүнө башка варианттарды карап көрүү мүмкүнчүлүгү барын дагы айткан.

Ак-Сай-Тамдык жолу мындан бир нече жыл мурда башталып, Тажикстан бул аймакты талаштуу деп эсептегендиктен бүтпөй калган. Тажик эксперттери бул жол курулса, Исфара шаары менен Кыргызстандын аймагындагы Ворух анклавынын байланышы таптакыр үзүлөт деп чочулашат.

Ал ортодо Тажикстандын Исфара шаарынын мэри Даврон Зохидов "Баткен облусунун тургундары кырдаалды улут аралык жаңжалга айлантууга аракеттенүүдө" деп баа берүүгө үлгүрдү.

Шаар башчынын маалымат катчысы Илёсзода Тешаев эки тарап макулдашкандан кийин дагы Ворух-Исфара жолу жабык турганын кошумчалады. 18-декабрда саат кечки 5 жарымда кыргыз айылдардын 350-400 тургуну Чорку-Хожа Алону туташтырган жолду жаап, жаңжал чыгарууга аракеттеништи”, – деп “Азаттыктын” тажик кызматына билдирди. Тешаевдин айтымында, расмий Дүйшөмбү жол ачылбагандыктан эки тараптуу келишим аткарылган жок деп баалоодо.

18-декабрга караган түнү чек арадагы Ак-Сай айылында кыргыз-тажик жарандарынын ортосунда тирешүү чыккан. Ага Тажикстанга жакын ээн жердеги кыргыз жаранына тиешелүү чайкана өрттөлгөнү себеп болгон. Ушул тирешүүдөн соң жол жабылган.

Ак-Сай айылында чек арадагы жолго үч машина шагыл төгүлүп, жол тосулган. Мунун алдында 500 чакты тажик жараны да Ак-Сай айылын облус борбору менен байланыштырган жолду тосуп алган эле.

Ак-Сай айылы менен кошуна Тажикстандын Ворух анклавынын жашоочуларынын ортосундагы чыр-чатак ошол жердеги жакынкы 10 чакты айылга да таасирин тийгизүүдө. Тажик айылдарынын ортосунда орун алган Масеиттин жери, Таш-Тумшук конуштарынын тургундары шаршемби түнү балдарды, аялдарды, кары-картаңдарды кооптуу аймактарга чыгарып кетишкен. Жергиликтүү элдин камтама болгону, камалып калган Ворух айылына өчөшүп, Тажикстандын башка айылдарынын тургундарынын бастырып кирүү шекшинүүсү турат.

Масеиттин жери шахмат чакмагын элестетет. Бир үй кыргыздыкы болсо, экинчи үй тажиктики. Аскерлер жана милиция кызматкерлери ар бир көчөнү кыдырып жүрүшөт. Тажик тургундарынын чочулай караганы болбосо, айылда абал тынч.
Масеиттин Жер айылында жашаган Кыяз Бостонов Бишкектен келгендерге сунуштарын айта берип чарчаганын билдирди:

- Бала-бакыраны башка айылдагы туугандарга жибердик. Тополоң чыгып атса чочулайт экенсиң. Бир жыл болду ушул маселенин чечилбегенине. Токон Мамытов беш-алты жолу келди. Элди курулай алдап отурушат экен да.

Масеиттин Жер конушунун активисти, жер салыгы боюнча адиси Төрөкул Матмуратов болсо 18-декабрда Тажикстандын Хожайло айылынын жигиттери тарабынан токмоктолгон. Бирок бейбаштык кылгандарга чара көрүлбөгөнгө нааразы:

- Ошол жерге баратсам токтотуп эрмектешти. Ичип алышыптыр. Бычак менен колго, желкеге, кулакка урушту. Жетекчилер көңүл бурбайт бизге. Президент Түркияга, Орусияга, АКШга деле барып атат, Баткенге бир келип кетпейби. Аким менен губернатор эч нерсе чечпейт.

Аталган айылдагы аялдар менен балдар ар бир чыр-чатак чыккан сайын стресске кабыларын айтышат. Сөзгө мугалим Айша Курбанова аралашты. Ал жумушун токтотуп, айылды кайтарууга тартылган аскерлерге тамак жасаганы, кийим-кечек даярдаганы келген экен.

- Түнкү он экиде тажиктердин айылын аралап, балдарды көтөргөн бойдон чыгып кеттик. Мал-жандын баары ушул жерде. Кыштын күнү бирөөнүн үйүнө батыш кыйын, балдар туугандардын үйүндө. Сабакка да барбай калышты.

Баткен облусунун жетекчиси Жеңиз Разаков менен Кыргыз Республикасынын Коопсуздук, коргонуу маселелери боюнча вице-премьер-министри Токтон Мамытовду Масеиттин тургундары эле эмес, башка он айылдын тургундары кечки саат 8ге чейин күтүштү. Жыйынтыгында өкмөттүн тургундарга берген жообу мурдагыдай эле болду: жер такталсын, делимитация жана демаркация башталсын, жаңы жылдан кийин сүйлөшөбүз. Сөз ушуну менен бүттү, нааразылар мурдагыдай эле тарабай калды.

Баткенде абал тынч
please wait
Embed

No media source currently available

0:00 0:01:24 0:00

XS
SM
MD
LG