Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:51

ОшМУ ректору жаштарды туруктуулукка үндөдү


ОшМУнун ректору, профессор Каныбек Исаков университеттеги жаштар комитети, студенттик активдер жана журналисттер менен жолугуп, Кыргызстандын ички биримдиги, улуттар аралык ынтымак, туруктуулук жана диний кырдаал тууралуу ой бөлүштү.

Ректор жаштарды мамлекеттин эмес, өз кызыкчылыгын артык койгондорго курал болуп калбоого, өлкөнүн туруктуулугу үчүн негизги күч болуп берүүгө, мыйзамдуулукту сактоого чакырды.

Окуу жайдын басма сөз кызматынан “Азаттыкка” билдиришкендей, ректордун ушул жааттагы кийинки жолугушуусу студенттердин ата-энелери менен болот. (JaK\SE)

XS
SM
MD
LG