Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:18

ВИЧ илдеттүү балдарга майрамдык белек берилет


Ошто ВИЧ илдети менен ооруган балдарга жаңы жылдык белек даярдоо өнөктүгү башталды. Аны “Рейнбоу” коомдук фонду уюштурууда.

Аталган уюмдан билдиришкендей, быйыл Ноокат жана Кара-Суу райондорундагы 6-9 жаштагы 70 балага белек берүү пландалып жатат. Өнөктүккө катышууну каалагандар каражат же даяр белекти фонддун кеңсесине алып келе алат.

“Рейнбоу” коомдук фонду ВИЧ илдеттүү балдарга жана алардын ата-энелерине 2007-жылдан бери түрдүү жардамдарды уюштуруп келет.

Облуста азыр бул ооруга чалдыккан 300дөн ашуун бала бар. Алардын басымдуусу дартты ооруканаларда жуктуруп алган. (SE)

XS
SM
MD
LG