Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:30

Зарылбек Рысалиев кызматтан бошотулду


Жаза аткаруу кызматынын башчысы Зарылбек Рысалиев ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу “Азаттыктын” ишенимдүү булактары билдирди. Рысалиевдин жумуштан кеткендиги тууралуу кабарды өкмөт өкүлү Алик Мамыркулов мекемеге барып айткан.

Жетекчинин милдетин аткаруучу болуп Куанышбек Кенебаев дайындалды. Ал буга чейин Рысалиевдин биринчи орунбасары болчу. Маалыматтарга ылайык, Зарылбек Рысалиев башка кызматка өткөнүнө байланыштуу кызматтан бошотулган. Бирок кайсыл кызмат экени азырынча белгисиз.

Эки апта мурун парламенттеги “Ата Мекен” фракциясы Бишкектеги №1 тергөө абагынын башчысы Марс Жусупбековдун камакка алынуусуна негизги себепкер деп Жаза аткаруу кызматынын башчысы Зарылбек Рысалиевдин атын атаган. (SE\ZB)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG