Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:59

Салык төлөбөгөн чет өлкөлүктөр аныкталды


Кыргызстандын мыйзамдарын аткарбай, өлкө аймагында ишмердүүлүк жүргүзүп жаткан 271 жаран аныкталды. Алар ыктыярдуу патенттин негизинде салык төлөөдөн качып жүргөн. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан кабарлашты. Аларга карата чара көрүү сунушу Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги менен Ички иштер министрлигине берилди.

Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин маалыматына ылайык, быйылкы жылдын 1-сентябрына карата 889 чет элдик жаран ишкердик жүргүзүү үчүн уруксат кагаз алган. (SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG